Сүрөтчүнүн жоголгон картиналары Юристанбек Шыгаевдин жеке коллекциясынан чыкты

22 май 2019 15:06 3995 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандын эл сүрөтчүсү Асакен Бейшеновдун жоголгон эки сүрөтү Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинин директору Юристанбек Шыгаевдин коллекциясынан чыкты. Бул туурасында социалдык тармактарга сүрөтчүнүн уулу Эркин Бейшенов жазды.

«Көрсөтмөлөрдүн биринде жоголгон атамдын сүрөтү сыйкырдуу түрдө Кажы-Сайдагы музейиндеги коллекциясынан чыкты. Эч деле таңкалган жокмун. Жагдай аныкталды. 2000-жылдын башында "Тенгри" тобунун көргөзмөсү өткөн. Атам 12 эмгегин коюп, иш-чара аяктай электе Ошко кеткен. Тааныштарынын бирине көргөзмө аяктаганда эмгектерин өз устаканасына коюп коюну суранган. Сүрөттөр ал жакта көпкө турган. Арасынан «Төлгөчү» жана «Веерчен кыз» аттуу эки эмгеги жоголуп кетти. Атам бул тууралуу бизге айткан эмес. Көп убакыттан кийин билдик. Көп жылдан кийин гана эмгектеринин бири Шыгаевдин Кажы-Сайдагы музейиндеги коллекцияларынан чыкты. Атам ал жакка чет өлкөлүктөр менен капысынан экскурсияга барып калганда өз эмгегин көргөн. Шыгаевден ал жакка кандайча барып калганы тууралуу сураганда Ала-Тоо аянтындагы галереядан сатып алганын айткан. Ушундай болгон күндө да атамдын өзүнөн суроого мүмкүнчүлүгү бар болчу. Искусство менен байланышы бар ким гана болбосун КРнын Эл сүрөтчүсүнүн эмгеги аянтта сатылбасын билет», – деди Бейшенов.

Эске сала кетсек,бир аз мурда Юристанбек Шыгаев жаңжалдын чордонунда калды. Ал эки баалуу сүрөттү музейдин сактоочу жайынан сканерлөөгө алганда зыянга учуратып алган. Маданият министрлиги түзгөн комиссия бул боюнча жагдайды карап жатат.

 

Ссылка: https://barometr.kg/srtchnn-zhogolgon-kartinalary-yuristanbek-shygaevdin-zheke-kollekciyasynan-chykty



Добавить комментарий