Сүрөт. Таласта катуу шамал мектептин чатырын талкалап кетти

5 март 2019 12:20 1358 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Таласта катуу шамал мектептин чатырын учуруп кетти. Бул тууралуу ӨКМ маалымдады. Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар минитсрлиги  кечээ, 4-мартта кечке жуук Бишкек, Чүй жана Талас өрөөнүнүн аймагында 15-20 метрге чейин жеткен катуу шамал катталарын эскертип жаткан. 

"4-март күнү саат 17:00дөн тартып 18:40ка чейин Талас облусунун Манас районунун Кайыңды айыл аймагына караштуу Арал айылында катуу шамал катталган. Шамал Үсөнбаев атындагы орто мектептин 600 чарчы метр жука темир менен жабылган чатырын учуруп кеткен. Шамалдын ылдамдыгы такталууда. Кырсыктан жабыркагандар жок", - деп билдирди ӨКМнын басма сөз кызматы.

Бүгүн, 5-мартта райондук Жарандык коргонуунун комиссиясы тактоо иштерин жүргүзөт. Ал эми Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында шамалдан улам материалдык чыгымдар, кыйроолор жана адам өмүрүнө коркунуч жаралган учурлар катталган эмес.


Ссылка: https://barometr.kg/srt-talasta-katuu-shamal-mekteptin-chatyryn-talkalap-ketti



Добавить комментарий