Сооронбай Жээнбеков Стамбулга учуп кетти

29 октябрь 2018 09:55 1106 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-октябрда Түркиянын негизделгенинин 95 жылдыгына арналган мааракеге катышуу үчүн Стамбул шаарына учуп кетти. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Жээнбеков иш-чарага Түркия президенти Режеп Тайып Эрдогандын чакыруусу менен кетти", — деп айтылат маалыматта.

КР президенти башка мамлекет башчылары менен бирге Стамбул шаарындагы жаңы аэропорттун ачылыш аземине да катышары айтылды.

Ссылка: https://barometr.kg/sooronbaj-zheenbekov-stambulga-uchup-ketti



Добавить комментарий