Сооронбай Жээнбеков: Соттук реформанын түпкү максаты - өлкөдө адилеттүү жана таза сот-укуктук системаны куруу

27 сентябрь 2019 14:41 1259 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеваны кабыл алып, сот тармагын жакшыртуу чараларын талкуулады.

Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Өлкөдөгү сот системасын жакшыртуу, сот-укуктук реформаны ишке ашыруунун жүрүшү боюнча чаралар талкууланды.

Мамлекет башчысы сот-укуктук реформаны ишке ашыруу, мамлекеттик коррупцияга каршы мамлекеттик саясатты жүргүзүү жана сот акыйкаттыгын камсыз кылуу аркылуу жарандардын укуктарын жана эркиндигин коргоодо сот органдарынын ролу өзгөчө экендигин белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков ошондой эле калктын сот системасына болгон ишенимин бекемдөө, аброюн жакшыртуу жана коомчулук менен байланышты жөнгө салуунун өзгөчө зарылчылыгын белгиледи.

«Жүрүп жаткан реформалардын түпкү максаты өлкөдө адилеттүү жана таза сот-укуктук системаны куруу болуп саналат», — деп баса белгиледи мамлекет башчысы.

Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева «2019-2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот тутумун өнүктүрүү» мамлекеттик максаттуу программасынын негизги багыттары жана ишке ашыруу чаралары жөнүндө маалымат берди.

Ал Программа биринчи кезекте өз алдынча жана көз карандысыз сот бийлигин түзүү, жарандардын укуктары жана эркиндиктерин сотто коргоо кепилдигин камсыздоо, адилеттүү соттун жеткиликтүүлүгүн, натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатууга багытталганын белгиледи.

Судьялар курамын окутуу жана ар дайым кесиптик квалификациясын жогорулатуу, алардын ишмердигинин натыйжалуулугу жана ачыктыгы, сот коллегияларынын курамын максаттуу бөлүштүрүү жана сот органдарынын материалдык-техникалык камсыздалышын жакшыртуунун маанилүүлүгү белгиленди.

Ссылка: https://barometr.kg/sooronbaj-zheenbekov-sottuk-reformanyn-tpk-maksaty-lkd-adilett-zhana-taza-sot-ukuktuk-sistemany-kuruu



Добавить комментарий