Сооронбай Жээнбеков Россиянын президентине көңүл айтты

6 май 2019 12:16 2816 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 Президент Сооронбай Жээнбеков Москва шаарынын Шереметьево аэропортунда болгон каргашалуу окуянын кесепетинен көптөгөн адамдар каза болгондугуна байланыштуу Россиянын Президенти Владимир Путинге көңүл айтты. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда президенттик аппараттан билдиришти.

«Шереметьево аэропортунда болгон каргашалуу окуянын кесепетинен көптөгөн адамдар каза болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстан элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтуу менен, баардык жабыркагандардын тез айыгып кетүүсү боюнча каалоомду жеткирип коюуңузду өтүнөм. Орду толгус аза кайгысын тең бөлүшөбүз», — деп белгиленген Мамлекет башчысынын көңүл айтуу телеграммасында.

Ссылка: https://barometr.kg/sooronbaj-zheenbekov-rossiyanyn-prezidentine-kl-ajtty



Добавить комментарий