Сооронбай Жээнбеков Монголиянын президентин элдик революция күнү менен куттуктады

10 июль 2018 21:45 2082 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Монголия Президенти  Халтмаагийн Баттулганы  «Наадам» жана Элдик революция күнү майрамдарына байланыштуу куттуктады. Бул тууралуу КР президенттинин аппараттык саясый-маалымат бөлүмүнөн билдиришти. 

«Монголиянын даңктуу тарыхын жана өзгөчөлүү каада-салтын чагылдырган „Наадам“ жана Элдик революция күнү майрамдарына байланыштуу чын жүрөктөн куттуктоомду кабыл алыңыз. Биз кыргыз-монгол мамилелеринин азыр калыптанып калган деңгээлин жогору баалайбыз жана эки өлкөнүн элинин бакубаттыгы үчүн аларды өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө  ниеттенебиз. Циндао шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин алкагындагы биздин жолугушууну жылуу маанайда эстейм жана Монголиянын делегациясын 2018-жылдын сентябрында кереметтүү Ысык-Көлдүн жээгинде өтө турган  III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында чыдамсыздык менен күтөм. Учурдан пайдаланып, Сизге бекем ден-соолук жана бакубаттык, ал эми моңгол элине — тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү каалайм»деди  президент Сооронбай Жээнбеков куттуктоо сөзүндө. 


Ссылка: https://barometr.kg/sooronbaj-zheenbekov-mongoliyanyn-prezidentin-eldik-revolyuciya-kn-menen-kuttuktady



Добавить комментарий