Сооронбай Жээнбеков эртең Түркмөнстанга иш сапар менен барат

22 август 2018 21:50 1437 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Президент Сооронбай Жээнбеков Түркмөнстанга мамлекеттик сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.   

Маалым болгондой, Жээнбеков визиттин жүрүшүндө Түркмөнстандын «Аваз» туристтик аймагында өтө турган Арал деңизин сактап калуу фондун негиздеген өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын саммитине катышат. Мамлекеттик иш сапар 23-24 август күндөргө пландалган. 

Эске салсак, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен 2015-жылы августта келген.

Ссылка: https://barometr.kg/sooronbaj-zheenbekov-erte-trkmnstanga-ish-sapar-menen-barat



Добавить комментарий