Сооронбай Жээнбеков Бишкектин бир районуна Усубалиевдин ысымын ыйгарууну сунуштады
Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын райондорунун бирине коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин ысымын ыйгарууну сунуштады. Мындай оюн президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракесине арналган өтүп жаткан салтанаттуу иш-чарада сүйлөп жатып айтты.
Жыйын Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өттү.
Мамлекет башчысы коомдук ишмер Турдакун Усубалиев өлкөнү башкарган 1961-85–жылдар — Кыргызстандын тарыхында өчпөс тамгалар менен жазылып калган, „алтын доор“ болгонун белгиледи.
Президент өз сөзүндө Усубалиевдин жетекчилик жылдарында республикада өнөр жай тармагы калыптанганын, заводдор, фабрикалар, жеӊил өнөр жай ишканалары жана гидроэлектростанциялар курулганын санап өттү.
Буга чейин Усубалиевдин ысымын өлкөнүн борбору Бишкек шаарына ыйгаруу демилгеленгени коомчулукта кызуу талкууга түшкөн.
Президент да бул маселе боюнча өз пикирин ортого салды.
“Улуу инсаныбыздын ысымын ыйгаруу боюнча мыйзамда белгиленген беш жылдык мөөнөт жакында аяктайт. Усубалиев өзү курган Күрпсай ГЭСине анын аты берилди. Мындан тышкары, Турдакун Усубалиевич өзү майрамдык параддарды кабыл алып жүргөн Өкмөт үйүнүн алдындагы Эски Аянтка жана Бишкек шаарынын райондорунун бирине анын ысымын ыйгарсак — туура иш болот деп ойлойм”, - дейт мамлекет башчысы.
Добавить комментарий ×