Сооронбай Жээнбеков БАЭнин Абу-Даби шаарында курман болгон жоокерлердин Мемориалына гүлчамбар койду

12 декабрь 2019 09:40 2850 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 11-декабрда Бириккен Араб Эмираттарына расмий визитинин алкагында Абу-Даби шаарында курман болгон жокерлердин Мемориалына гүлчамбар койду. Азем Ардактуу кароолдун ротасынын катышуусу менен аскердик оркестрдин коштоосунда өттү.
Мамлекет башчысы Мекенинин алдында милдетин аткаруу учурунда курман болгон Эмираттын жоокерлери менен мамлекеттик кызматкерлерин эскерди, аскердик даңк залын көрүп чыкты жана ардактуу меймандар китебинде кол жазмасын калтырды. «Wahat Al Karma» («Ар-намыс оазиси») Мемориалдык комплекси — бири-бирине таянып турган 31 панелден куралган архитектуралык композиция. Алардын ар биринин бетине курман болгон жокерлердин ысымдары жазылган. Ал улуттук биримдиктин жана ынтымактын баалуулуктарын көрсөтүп турат.

Ссылка: https://barometr.kg/sooronbaj-zheenbekov-baenin-abu-dabi-shaarynda-kurman-bolgon-zhookerlerdin-memorialyna-glchambar-kojdu



Добавить комментарий