Сокулукта үй толугу менен өрттөнүп бир адам жабыркады. Абалы орто
Бөлүшүү:
Чүй облусунун Сокулук районунда жайгашкан үйлөрдүн биринен өрт чыкты. Бул тууралуу КРнын ӨКМнен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2019-жылдын 11-февралдан 12-февралга караган түнү Ново-Павловка айылындагы Корсакова көчөсүндөгү 150 м. кв. ээлеген үй толугу менен күйүп кеткен.
Өрттүн жыйынтыгында 1992-жылы туулган үйдүн тургуну Т. уулу М. колун жана бетип күйгүзүп алган. Азыркы учурда ал оорууканага жеткирилген, абалы орто экени айтылууда.
Өрт туура эмес орнотулган түтүктөрдүн жана мештин кесепетинен келип чыккан.
Ссылка: https://barometr.kg/sokulukta-bir-j-tolugu-menen-rttnp-bir-adam-zhabyrkady-abaly-orto
Добавить комментарий ×