Сокулук районунда алдын алуу иштери өткөрүлүүдө

18 февраль 2020 19:09 623 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн аймактык тескөөчүлөрү жана жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору тарабынан Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында билим берүүчү мекемелерде алдын алуу иш-чаралары уюштурулду.Бул тууралуу ИИМнин  басма сөз кызматы билдирди.  Жолугушууга, окуучулар, ата-энелер, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн мүчөлөрү катышышты. Иш-чарада балдарды тарбиялоодо ата-энелердин жоопкерчиликтери жана өспүрүмдөр арасындагы тартип бузууларды алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Милиция кызматкерлери өспүрүмдөр көп барган курулушу бүтө элек имараттарды, эскирген имараттарды жана балдар ойноочу аянтчаларды ошондой эле коомдук жайларды текшерүү иштери жүргүзүлдү.

Чүй облусунун ИИОнун кызматкерлери тарабынан өткөрүлгөн алдын алуу иш-чараларында аз камсыз болгон үй-бүлөлөр аныкталып, алар социалдык кызматкерлер тарабынан каттоого алынып, тиешелүү жардамдар көргөзүлүүдө.

Байма-бай уюштурулган рейд иш-чаралары жакшы натыйжаларды берип жатканы чындык. Ичимдик ичкен ата-энелер тыкыр көзөмөлгө алынып, алар үйүндөгү балдарга көңүл буруп, алардын тиешелүү билим алуусуна жакшы шарттарды түзүү жанданууда.

Чүй облусунда жаш өспүрүмдөргө карата жасалган зомбулуктарды алдын алуу максатында ИИОнун кызматкерлери тарабынан алдын алуу иш-чаралар тынымсыз жүргүзүлүп, аз камсыз болгон үйдөгү ата-энелерге жана өспүрүмдөрдү багып караган жакындарына түшүндүрүү иштери улантылууда

Ссылка: https://barometr.kg/sokuluk-rajonunda-aldyn-aluu-ishteri-tkrld



Добавить комментарий