Соцтармакта 9 жашар бала мектепке эмгиче барбаганы тууралуу маалымат таркаган. Мэрия буга эмне дейт?
Социалдык тармактарда ушул күнгө чейин мектепке бара элек 9 жаштагы бала тууралуу маалымат чыккан. Мэрия баланын жакындары мектепке киргизүү ниетинде бир да мамлекеттик мекемеге кайрылбаганын билдирди. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалыматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Маалым болгондой, социалдык кызматкерлер жашы жете элек баланын жашаган жерине барышып, бала энеси жагынан туугандарыныкында жашагандыгы тууралук кабардар болушкан.
"Тууганы жашы жете элек бала Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Чоң Кызыл-Суу айылында жашаган эжесинин уулу экенин айтты. Жашы жете элек баланын атасы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Барскоон айылынан.
Агасынын айтымында, 2014-жылдан бери жашы жете элек баланы багып алуу максатында багып келет. 2021-жылы баланын атасы аны мектепке киргизүү максатында Ысык-Көл облусуна алып кеткен. Бирок жашы жете элек бала Чолпон-Ата шаарында жайгашкан реабилитациялык борборго түшкөнү белгилүү болду. Кийинчерээк ал жерден аялы экөө жээнин алып кетишкен.
Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок, ал эми тууганынын убактылуу паспорту жок болгондуктан, камкордукка алуу мүмкүн болгон эмес.
Демек, жакындары буга чейин бир дагы мамлекеттик мекемеге кайрылышкан эмес.
Ошондой эле жашы жете электин таякеси 2021-жылдан бери Бишкектин Биринчи май районунда жашап жатканын түшүндүрдү. Баланын тиешелүү документтерин тариздөө жана аны жалпы билим берүүчү мектепке жайгаштыруу боюнча маселелерди чечүү максатында материалдар Бишкек шаарынын мэриясынын Биринчи май райондук администрациясынын Балдар иштери боюнча комиссиясынын кароосуна жиберилди", -деп айтылат маалыматта.
Эске сала кетсек, Бишкек шаарындагы Фучик көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде жашаган 9 жаштагы бала бир да жолу мектепке барган эместигин "Балдардын укугун коргоочулар лигасы” коомдук фондунун жетекчиси Назгүл Турдубекова жазып чыккан.
Добавить комментарий ×