Соцтармак аркылуу кызын сатыкка койгон аял кармалды

6 март 2019 15:23 11071 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Россиянын Москва шаарынын тургуну социалдык тармактар аркылуу жаңы төрөлгөн кызын сатам деп жарыя берген. Наристени ал 1 миллион рублге сатып жибергенден кийин кармалганын  РИА "Новости" булагы Россиянын Тергөө комитетине шилтеме берүү менен билдирди.

Аталган ведомствонун берген маалыматына таянсак, 5-мартта москвалык кыз жаңы төрөгөн ымыркайын сатып жиберип, аны сатып алган аялга кызынан баш тарткандыгы тууралуу тил кат жазып берген.

Учурда 23 жаштагы аялга карата кылмыш иши козголду. Москвадагы токойлордун биринде үй-жайсыз жашап жүргөн  аял учурда камакка алынды.

 

Ссылка: https://barometr.kg/soctarmak-arkyluu-kyzyn-satykka-kojgon-ayal-karmaldy



Добавить комментарий