Социал-демократтар үч партиянын жыйынтыктарын жокко чыгарууну талап кылууда

12 июль 2021 09:51 976 Barometr
Бөлүшүү:
ok

“Кыргызстандын социал-демократтар партиясы” билдирүү жазып, аны Facebook социалдык түйүнүнө жарыялаганын “Барометр” билдирет.

Анда лидер Темирлан Султанбеков шайлоочуларга колдоосу үчүн ыраазычылык билдирген. Партия 8,13 пайыз добуш алган, болжолдуу маалыматтар боюнча Бишкек шаардык кеңешине беш мандат менен кирет.

КСД  партиясы «Эмгек», «Өнүгүү-Прогресс» жана «Ишеним» партияларына добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныбай турганын айтып, ан жокко чыгарууну талап кылды.

“Бул партиялар мыйзамды бузушту”,-деп айтты Темирлан Султанбеков.

Кечээ Бишкекте, Ошто жана Токмокто жергиликтүү кеңештерге кайрадан шайлоо өттү.

 

Ссылка: https://barometr.kg/social-demokrattar-ch-partiyanyn-zhyjyntyktaryn-zhokko-chygaruunu-talap-kyluuda



Добавить комментарий