Соң-Көлдүн сулуусу Ак Мөөрдүн чыныгы жүзүн көрдүң беле?
Соң-Көлдүн сулуусу Ак Мөөрдүн чыныгы жүзүн көрдүң беле?
Фейсбук баракчасында кече, 2 июнда, балдар жазуучусу Сулайман Рысбаев кадимки Ак Мөөрдүн сүрөтун тиркеп, аны көргөн да, көрбөгөн да бар деп жазган. Таттыбубу Турсунбаева чагыдырган Соң- Көлдүн ак куусунан бир топ айырмаланган Мөөржандын бул сүрөтү социалдык түйүндүн колдонуучулардын ар түрдүү пикирин жаратты.
Автордун айтымында, 30 жаш күлгүндөй курагындагы сулуунун сүрөтү азыркы Петербургда сакталып турат. "Академияда да бул сүрөт илинип турат, бирок тарыхчылар танып жатышкансыйт. Мен бул сүрөттү 1982-жылы Маданият министрлигинен көргөмүн. Белгилуу фотокорреспондент Сартов да Улуттук академиянын архивинен таап, көчүрүп алганын уккам", - деген пикирин билдирди Barometr.kgге Рысбаев.
Ссылка: https://barometr.kg/so-kldn-suluusu-ak-mrdn-chynygy-zhzn-krd-bele
Добавить комментарий ×