Нарында тоого эки баласы менен кетип дайыны чыкпай жаткан жаран табылды

18 декабрь 2018 12:18 1575 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Нарындан Соң-Көлгө эки баласы менен кетип дайынсыз болгон жаран аман-эсен табылды. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда ӨКМнын басма сөз кызматы  билдирди.

Эске салсак, Нарын районунда 16-декабрь күнү саат 23:04тө 1975-жылы туулган жаран эки баласы менен Toyota Kluger үлгүсүндөгү унаасын айдап Кара-Тал унаа жолу аркылуу Соң-Көл жайлоосуна жөнөп кеткен. Алар ошол боюнча байланышка чыккан эмес.

"17-декабрь күнү ӨКМнын Нарын шаардык №16-аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн 3 куткаруучусу кабарсыз болуп жатканы издөө максатында жолго чыгышып, дайыны чыкпай жаткандар үй-бүлөсү менен “Кырк боз үй” тилкесинен жолугушкан. “Учурда үчөөнүн тең абалы жакшы", - деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/so-kl-zhajloosuna-eki-balasy-menen-ketip-dajyny-chykpaj-zhatkan-zharan-tabyldy



Добавить комментарий