Сүйүнчү! Ырчы Омар ата болуп, наристесине ысым ыйгарды

18 февраль 2019 17:48 21142 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Ырчы Омар Жанышов кыздуу болду. Бул тууралуу Омар өзү инстаграмдагы жеке баракчасына пост жазып, элге сүйүнчүлөдү.

Ырчы жубайы менен кызын төрөт үйүнөн чыгарууга бара жаткандагы сүрөттөрүн жүктөп:

"Аллахыма чексиз шүгүр! Бардык досторума, ата-эне, бир туугандарыма, өзгөчө сүйүктүү жарыма мени ата кылгандыгы үчүн рахмат! Ыймандуу болуп чоңой кызым! Турганыңа сүйүнөлү!", -деп баяндама жазып койду.

Посттун жүктөлгөнүнө аз убакыт болгонуна карабай пикир калтыруу бөлүмү активдүү түрдө куттуктоолорду чогултууда.

Жүктөлгөн сурөттөрдөн Омар менен Диана кызына Арууке деп ысым ыйгарганын жана ал бүгүн 18-февралда эмес 2019-жылдын 13-февралында төрөлгөнүн байкоого болот. Сыягы жубайлар элге бираз коё туруп сүйүнчүлөгөнү туура көрүшкөн өңдүү.

Ссылка: https://barometr.kg/sjnch-yrchy-omar-ata-bolup-naristesine-ysym-yjgardy



Добавить комментарий