Сүйүнбек Өмүрзаков: Өлкөбүздүн келечеги - сиздердин таза, адилеттүү добушуңузда!
Элибизди ойлогон, элибизге күйө турган, келечекке кадамы ишеничтүү талапкерлерди жаңылбай тандайлы.Бул тууралуу "Ишеним" саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Сүйүнбек Өмүрзаков кыргыз элине кайрылуусунда билдирди.
"Урматтуу, кыргыз элим!
Башка талапкерлерге кандай, бирок, мен үчүн шайлоо өнөктүгүнүн үгүт ишине берилген убакыт тез эле өтүп кеткендей, көз-ачып жумгандай эле ирмемде өттү. Бул аралыкта жергебиздин көптөгөн жерлеринде болуп, шайлоочулар менен жолугуштум, сүйлөштүм, көйгөйлөргө токтолдук. Баарынан улуу журтумдун батасын алдым.
Урматтуу, мекендештерим, мен жолуга албай, мен бара албай калган да жерлер болду. Ошентсе да, ар бир талапкердин келечек үчүн түзгөн программаларын, пландарын эске алып, мамлекетибиз үчүн ак дилден кызмат кылган атуулдарыбызды шайлайбыз го деген үмүттөмүн. Көр тирилигибизди ойлоп, добушубузду сатпайбыз го деген ишенимдемин. Элибизди ойлогон, элибизге күйө турган, келечекке кадамы ишеничтүү талапкерлерди жаңылбай тандайлы.
Өлкөбүздүн келечеги - сиздердин таза, адилеттүү добушуңузда!
Ишенимдүү кадамдар - келечеги кең өлкө!",-деп белгиледи талапкер Сүйүнбек Өмүрзаков.
Эскерте кетсек, 28-ноябрда Жогорку Кеңешке шайлоо болот. “Ишеним” саясий партиясы №9 катар номер менен шайлоого катышууда. Сүйүнбек Өмүрзаков үчүн партиянын тизмесинде 11-номерде добуш берсеңиз болот.
Даярдоочу: «Barometr.kg.» редакциясы. Буйрутмачы: “Ишеним” саясий партиясы. Нускасы: 1 даана. 2021-жылдын 26-ноябрында даярдалды. “Ишеним” саясий партиясынын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Турдакунова Эльвира Алмазбековна тарабынан төлөндү (Күбөлүк №6, 01.09.2021 жыл).
Ссылка: https://barometr.kg/sjnbek-mrzakov-lkbzdn-kelechegi-sizderdin-taza-adilett-dobushuuzda
Добавить комментарий ×