Сүйүн Өмүрзаковго тапанча аттууда биринчи орунду алгандыгы үчүн алтын медаль тапшырылды

26 октябрь 2019 13:15 1731 Barometr
Бөлүшүү:
ok

25-октябрь күнү күч структураларынын арасында Макаров тапанчасынан ок атуу боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.  

Аталган мелдеште Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаков 87 балл топтоп, ардактуу биринчи орунду багындырды. Ал эми экинчи орунду Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети, 3-орунду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы алган эле.

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Канат Арпачиев  күч структураларынын арасында Макаров тапанчасынан ок атуу боюнча мелдеште биринчи байгелүү орунду алгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаковду диплом, алтын медаль жана  атайын Кубок менен менен сыйлады

24-октябрдан баштап Бишкектин спорттук базасында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызматкерлеринин Спартакиадасы өтүүдө. Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында дене тарбияны жана спортту өнүктүрүү, мамлекеттик кызматкерлерди ар убак дене тарбия менен машыгууга тартуу жана дене тарбия- массалык иштерди уюштурууну өнүктүрүү максатында мамлекеттик кызматкерлеринин арасында өтүүдө. 



Ссылка: https://barometr.kg/sjn-mrzakovgo-tapancha-atuuda-birinchi-orundu-algandygy-chn-altyn-medal-tapshyryldy



Добавить комментарий