Сүйүктүүңүз менен романтикалык кумарды кызыктуу өткөрүүнүн ыкмалары

26 август 2019 11:55 830 Barometr
Бөлүшүү:
ok

“Күнүгө эле баягы, тажадым..."

Көпчүлүк түгөйлөр бири-бирине угузбаганы менен ичинен бул фразаны көп кайталашат. Түнүңүздү кызыктуу өткөрүү сиздин гана колуңузда. 

Сүйүктүүңүздүн “аппетитин” ачкыңыз келсе, биздин эротикалык “тамакты” даярдап көрүңүз. Бул үчүн ашкананын да кереги жок.

Пляждагы котейль

Керектелүүчү азыктар жана каражаттар: 

  • бикини;
  • жука төшөк;
  • күндөн сактоочу крем.

Романтикалык маанай тартуулоо үчүн күн батып бара жатканда же жаңыдан чыгып келе жатканда бул оюнду ишке ашырсаңыздар болот. 

Алгач кум сиздерге ыңгайсыздык жаратпашы үчүн алдыңыздарга төшөк салыңыз. Бири- бириңиздерди даярдап, делебеңиздерди козгоо үчүн крем менен массаж жасоо керек. 

Эсиңизге алчу нерсе, жаш балдардан, элден алыс болгонуңуздар оң. 

Кимдер үчүн? 

Эркиндикти, романтиканы, күтүүсүз окуяларды баалайсызбы?

Демек, бул оюн сиздерге арналат.

 Шумахерге жол азык

Керектелүүчү азыктар жана каражаттар: 

1. автомашина;

2. сарафан көйнөк; 

3. бальзам же крем.

Сүйүктүүңүзгө машинаны айдатып, алысыраак жакка барууну өтүнүңүз. 

Жолдо бара жатканда колуңузду бальзам же крем менен акырын майлап алыңыз. 

Анан түгөйүңүздү назик сылап өтүңүз. Ал сиздин эмне ойлоп турганыңызды дароо түшүнүп, машинаны токтото салары турган кеп...

Кимдер үчүн?

Эгерде үйүңүз тар болуп, сиздердин рахаттуу түнүңөргө кимдир бирөөлөр жолтоо болуп жатса...

Бейиш жемиши

Керектелүүчү азыктар: 

  •  эркектердин көйнөгү; 
  •  кресло;
  • таттуу жемиштер;
  • музыка. 

Үстүңүздө кооз ич кийим менен күйөөңүздүн көйнөгү жана бутуңузда такасы бийик туфли гана болушу керек. Өнөктөшүңүздү креслого отургузуп, музыканы коюңуз. Музыканын ыргагы менен акырын бийлеп баштаңыз. Бийдин ортосунда жай кыймыл менен алгач көйнөктү чече баштаңыз...

 Бийди аяктап жатып  аста сылап өтүңүз. Андан соң столдогу жемишти бирден алып, анын оозуна оозуңуз менен салыңыз. 

Кимдер үчүн? 

Музыканы жакшы көргөн, бийди баалаган адамга бул белегиңиз айтып бүткүс кубаныч алып келет.

Жумушчуга деликатес

Керектелүүчү азыктар жана каражаттар: 

  • сексуалдуу ич кийим жана жука халат;
  • бийик такалуу туфли;
  •  кир жуугуч машина. 

Сүйүктүүңүз үйгө келерге аз калганда  үстүңүзгө кооз халат кийип алыңыз. 

Ал үйгө кирери менен кир жуугуч машинанын бузулуп калганын, тезинен оңдоп берүүсүн сураныңыз.

Ал кир жуугуч машинанын ичине кол салып, сиздин ич кийимиңизди алып чыгат. 

Сизди таң калып тиктеп калган учурда жука халатыңызды чечип жиберип, оңдоо иштери үчүн ыраазычылык билдирериңизди айтыңыз. 

Мындай тапкычтыгыңызга, албетте, баа берилеринен шек санабаңыз. 

Кимдер үчүн? 

Түгөйүңүз жумуш менен алек болуп, сизге көп көңүл бурбай баштаганда бул оюн жардамга келет. 

Бул түн анын эсинен көпкө кетпейт.

 Шоколаддуу сүрөт

Керектелүүчү азыктар: 

  • эки куту шоколад;
  • гигиеналык нымдуу салфеткалар;
  • кыл калем. 

Шоколадды таза мискейге салып, эритип алышыңыз керек. 

Сүйүктүүңүздү төшөккө жаткырып, эриген шоколад менен денесине сүрөт тартыңыз. Эмнени айткыңыз келсе, эмне деп эркелетүүнү самасаңыз, ошол сөздөрдү жазып күндүн, айдын же жылдыздардын сүрөтүн тартсаңыз болот. 

Оюндун эрежеси боюнча, ошол тарткан сүрөтүңүздүн баарын тилиңиз менен жалап чыгышыңыз керек. 

Ошондуктан өнөктөшүңүздүн кайсы жерине тартуу керектигин жети өлчөп, бир кесиңиз. 

Кимдер үчүн?

Көп жыл жашап, ысыгы кетип бара жаткан түгөйлөр бул оюнду колдонсо, жакшы жардам берет. Анткени денеге көптөн бери айтылбай калган сөздөрдү жазсаңыз болот.

Ссылка: https://barometr.kg/sjktz-menen-romantikalyk-kumardy-kyzyktuu-tkrz



Добавить комментарий