Сиздин толуктугуңуз жашооңузга таасирин тийгизеби?

13 август 2019 09:40 2287 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Толуп кетпеш үчүн эмне кылыш керек? Бул тамактанууга да тиешелүү. Эмесе, төмөндөгү бир нече кеңешке көңүл бур. Ашыра тойбо. «Мурун мен жеген тамагымдын калориясына карачумун, азыр болсо тойгонума карайм»,— дейт 19 жаштагы Жулия. Зыяндуу тамакты жебе. «Газдалган таттуу суусундуктан баш тарткандан беримен бир эле айдын ичинде 5 килограммга арыктадым»,— дейт 21 жаштагы Питер деген бала. Адатыңды өзгөрт. «Тамагымды жеп бүткөндөн кийин дагы салып жемей адатымды койдум»,— дейт 19 жаштагы Эрин деген кыз. Ийгиликтин ачкычы. Тамакты өз маалында ич. Болбосо аябай ачка болгондуктан, ашыра тоюп алышың мүмкүн. Албетте, арыкташым керек деп ойлогондордун арасында, толук болбосо деле, өзүн толукмун деп эсептегендер да бар. Бирок чындап эле толук болсоңчу? Анда эмне кылыш керек? Кэтрин деген бир кыздын мисалына токтололу. «Мага толук болгон такыр жакчу эмес. Бирок өспүрүм курагымда мен аябай толук болчумун. Ошондуктан кебетемди карап алып, өзүмдү аябай жаман сезчүмүн. Кез-кезде атайын диета кармап, арыктаганга аракет кылсам да, кайра эле толуп кетчүмүн. Он беш жашымда жашоомду түп-тамыры менен өзгөртүүнү чечтим. Мен туура жол менен, башкача айтканда, өмүр бою кармана ала тургандай жол менен арыкташым керектигин түшүндүм. Ошондуктан туура тамактануу жана көнүгүү жасоо жөнүндө китеп сатып алып, окугандарымды иш жүзүндө колдоно баштадым. Ошондой эле, эгер кээде китепте айтылгандарга кармана албай калып, көңүлүм чөгө турган болсо да, такыр багынбайм деп чечип алдым. Натыйжасы кандай болду дебейсиңерби? Эң сонун! Бир эле жылдын ичинде 27 килограммга арыктап, эки жылдан бери ошол салмагымды сактап келатам. Бул үч уктасам да, түшүмө кирген эмес! Менимче, мен мындай ийгиликке, диета кармагандыктан эле эмес, жашоо мүнөзүмдү өзгөрткөндүктөн да жете алдым» деп сөзүн кубанычтуу аягына чыгарды.

Арыктоо, чырайлуу ар бир айымдын эле каалоосу. Көрсө баары өз колубузда экенин түшүнөлү.

Ссылка: https://barometr.kg/sizdin-toluktuguuz-zhashoouzga-taasirin-tijgizebi



Добавить комментарий