“Шумкар” атайын багыттагы полку иттерди тарбиялап үйрөтүүнүн ыкмаларын мектеп окуучуларына көргөздү

24 октябрь 2019 15:32 2592 Barometr
Бөлүшүү:
ok

ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун Кинологиялык борборунда мектеп окуучулары үчүн ачык эшик  күнү өткөрүлдү. Бул тууралуу ИИМдин  “Шумкар” АБПнын Басма сөз кызматы билдирди. 

2019-жылдын 24-октябрында ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун Кинологиялык борборунда мектеп окуучулары үчүн ачык эшик күнү өткөрүлдү.

Аталган иш-чарга  полктун ардагерлери жана жетекчилиги катышышты. Иш-чаранын жүрүшүндө мектеп окуучуларына полктун кыскача тарыхы жана кызмат учурунда каза болгон кызматкерлер жөнүндө маалымат беришти. 

Андан  кийин атайын операциялар отрядынын кызматкерлери мектеп окуучулары үчүн кол менен урушуунун ыкмаларын көргөзүшсө,  Кинология борборунун кызматкерлери  кызматтык иттерди тарбиялап үйрөтүүнүн өзгөчөлүктөрүн көргөзүштү. Андан кийин мектеп окуучулары ИИМдин музейине саякатта болушту.

Иш-чара Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 95 жылдык мааракесине арналды. 

Мындай иш-чара жаш муундарга дем-күч берип, жаштар арасында ички иштер органдарынын кызматтык баркын жогорулатууга өбөлгө болмокчу.




Ссылка: https://barometr.kg/shumkar-atajyn-bagyttagy-polkunun-kinologiyalyk-borborunda-mektep-okuuchulary-chn-achyk-eshik-kn-tkrld



Добавить комментарий