Шумдук! Мерлин Монронун 1959-жылы кыркылган чачы сатыкка коюлду
Бөлүшүү:
Америкалык белгилүү актриса, сулуулуктун эталону деп саналган Мерлин Монронун чачы сатыкка коюлду. Бул тууралуу Forbes басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Moments in Time долбоорунун негиздөөчүсү Гэри Цимент чачты сатыка коюп аны 16,5 миң долларга баалаган.
Азыркы учурда сатыкка коюлган тутам чач 1959-жылы актрисанын жеке чач тарачы Кеннет Баттел тарабынан кыркылган. Чач тарач аны сактап койгон.
Мерлин Монронун тутам чачы айнек идишке салынган абалда сатыкка коюлган.
Маалым болгондой Мерлин Монро дүйнө жүзүн өзүнүн сулуулугу жана кайталангыс таланты менен багындырган.
Ссылка: https://barometr.kg/shumduk-merlin-monronun-1959-zhyly-kyrkylgan-chachy-satykka-koyuldu
Добавить комментарий ×