Шашылыш билдирүү! Кыргызстанда 24-ноябрда кар жаайт

22 ноябрь 2018 13:49 780 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Шашылыш билдирүү.  24-25-ноябрда туруксуз аба-ырайы сакталып турат. Бул тууралуу КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.

24-ноябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.     24-ноябрда күндүз жана 25-ноябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаашы, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 25-ноябрда күндүз жаан-чачын айрым жерлерде күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундысына 4-9 метрден, айрым жерлерде 17-22 метрге жетиши мүмкүн. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. 

25-26-ноябрларда абанын температурасы төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -7…-12° суук, күндүз -3° сууктан …+2° жылуулукка чейин, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 0…5° жылуу, тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз -3° сууктан…+2° жылуулукка чейин, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -4…-9°, күндүз 0…-5° суук, тоолуу райондордо жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -12…-17°,  күндүз 0…-5° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25°, күндүз -8…-13° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат. Катуу жаан  жааган убакта автожолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, автоунаалардын кыймылдоосун кыйындатат. Суу кар электр зымдарга жабышып, үзүлүү коркунучун алып келет.

2018-жылдын 23-ноябрынан 25-ноябрына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 68-99 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка-Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 65-90, 95-130-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл. 

23-27-ноябрда Кыргыз Республикасынын аймагында күтүлгөн аба-ырайы. 

23-ноябрда кээ бир райондордо жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден, тоолуу райондордо, Нарын облусунда жана Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

24-ноябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 24-ноябрда күндүз жана 25-ноябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 25-ноябрда күндүз жаан-чачын айрым жерлерде күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундысына 4-9 метрден, айрым жерлерде 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

26-ноябрда жана 27-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 27-ноябрда күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.  

28-29-ноябрда Кыргыз Республикасынын аймагында күтүлгөн аба-ырайынын жакындатылган болжолдоосу. 

28-ноябрда түнкүсүн айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт.       28-ноябрда күндүз жана 29-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы өзгөрүлүп турат. 

23-25-ноябрда Бишкек шаарында күтүлгөн аба-ырайы. 

23-ноябрда мезгил-мезгили менен жаан, каржаашы мүмкүн. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет. 

24-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 24-ноябрда күндүз жана 25-ноябрда түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан, кар жаашы күтүлөт.       25-ноябрда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак, тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт. 

23-25-ноябрда Ош шаарында күтүлгөн аба-ырайы. 

23-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет.

24-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 24-ноябрда күндүз жана 25-ноябрда түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан, кар жаашы күтүлөт. 25-ноябрда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.


 

Ссылка: https://barometr.kg/shashylysh-bildir-kyrgyzstanda-24-noyabrda-kar-zhaajt



Добавить комментарий