Шашылыш билдирүү! 29-30-июнь күндөрү жана 1-3-июлда нөшөрлүү жаан-чачын күтүлөт
Шашылыш билдирүү! 28-июндан 1-июлга чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын сел коркунучу бар райондорунда сел жүрүү ыктымалы жогору. Бул тууралуу КР ӨКМнин басма сөз кызматы кабарлады.
29-30-июнь күндөрү жана 1-3-июлда Кыргыз Республикасынын аймагында күтүлгөн аба-ырайы
29-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.
30-июнда жана 1 июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 1 июлда күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.
2-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
3-июлда тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Нарын, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райодорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
4-5-июль күндөрү Кыргыз Республикасынын аймагында күтүлгөн аба-ырайынын жакындатылган болжолдоосу
4-июлда түнкүсүн тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. 4-июлда күндүз жана 5-июлда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы жогорулайт.
29-30-июнь күндөрү жана 1-июлда Бишкек шаарында күтүлгөн аба-ырайы
29-30-июндарда жана 1-июлда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 мертге чейин жетет.
29-30-июнь күндөрү жана 1-июлда Ош шаарында күтүлгөн аба-ырайы
29-30-июндарда жана 1-июлда жаан-чачын кутүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Ссылка: https://barometr.kg/shashylysh-bildir-29-30-iyun-kndr-zhana-1-3-iyulda-nshrl-zhaan-chachyn-ktlt
Добавить комментарий ×