Шайлоого аттанган 75 партиядан 67си калды
Борбордук шайлоо комиссиясына Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышууга билдирме тапшырган 67 партиянын документтери кабыл алынды. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Айдана Жупуева эфир маалында билдиргенин “Барометр” кабарлайт.
Анын айтымында, адегенде 75 партия шайлоого катышууга билдирме берген.
“Эки партиянын документтери БШК тарабынан кабыл алынган жок, анткени Юстиция министрлигинен каттоодон өтүүгө маселеси бар болуп чыкты. Ошондой эле 2 партия катышуудан баш тартты жана 4 партия фонддорун өз маалында ачкан жок”,-деп маалымат берди ал.
Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин шайлоосу 28-ноябрда аралаш система боюнча өтөт.
Ссылка: https://barometr.kg/shajloogo-attangan-75-partiyadan-67si-kaldy
Добавить комментарий ×