БШК: Шайлоо күнү 31 миңден ашуун шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү иш алып барууда

10 январь 2021 10:37 1576 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Шайлоо участкаларында 650 аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү жана 31 119 участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү иш алып барууда. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирген маалыматка таянып “Барометр” билдирет.

5 700 автоматтык окуу урналары жана 6 700 идентификациялык жабдуулар колдонулууда.

Бардык маалымат тутумдары кадимкидей иштеп жатат.

Буга чейин БШК тутумдардын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу жана тутум администраторлору үчүн киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча окутуу иш-чараларын өткөрүп келген. Аймактык шайлоо комиссияларынын 59 тутумдук администраторлору, участкалык шайлоо комиссияларынын автоматтык түрдө окуй турган үкөктөрүнүн 5 000ге жакын операторлору, 6 900дөн ашуун идентификациялоочу операторлор окутулган.

6-январда Борбордук шайлоо комиссиясы урналарды автоматтык түрдө окуудан сигналды кабыл алууну текшерди.

Тестирлөө учурунда маалыматтарды берүү натыйжалуулугу 95% га чейин көтөрүлгөн.

Ошол эле учурда, республикада 11 шайлоо участкалары бийик тоолуу жана алыскы, интернет жок жерлерде жайгашкан. Булар Аксу районунун Эңилчек айылындагы жана Зардалы айылындагы чек ара тозоттору. Жалал-Абад облусунун Сузак районунда, Ош облусунун Кара-Кулжа жана Ноокат райондорунда жана ушул сыяктуу алыскы аймактар.

Добуш берүүнүн жалпы жыйынтыгын ушул шайлоо участкаларынан өткөрүп берүү, байланыш каналдары аркылуу маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын серверине жөнөтүү үчүн АБТны жакынкы участокторуна жеткирүү аркылуу ишке ашырылат.

Ссылка: https://barometr.kg/shajloo-2021-shajloo-kn-31-miden-ashuun-shajloo-komissiyasynyn-mchlr-ish-alyp-baryshat



Добавить комментарий