Сөгүш алган чиновник өз жанын кыйды

22 май 2019 09:50 3589 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Башкириянын Роспотребнадзорунун инспектору жетекчилигинен сөгүш алгандан кийин өз жанын кыйганын РИА Новости кабарлады.

Башкириянын башчысынын милдетин аткаруучу Радий Хабировдун айтымында ага Уфадан бир ишкер кайрылып, Роспотребнадзордун жумушчуларынын үстүнөн арызданган. Кафесине пландан тышкаркы текшерүү болгонун, андан кийин бул жайды жаап салышканын айткан ишкер айып санкциялары киргизилгенин кошумчалаган.

Хабиров талаштуу иштин жагдайларын билүү үчүн текшерүү жүргүзгөн мекеменин аймактык жетекчисин, орун басарын жана инспекторду чакырткан. Жолугушууга ишкер өзү да катышкан.

Бул сүйлөшүүдө ал Роспотребнадзордун ишин аша чапкандык деп баалап, текшерүүнү материалдарын прокуратурага жөнөтүүнү тапшырган.

“Андан кийин кайгылуу окуя болду. Инспектор өз жанын кыйды. Бул адамды кайтара албайбыз. Эмне болгону түшүнүксүз",-деди Хабиров өкмөттүн жыйынында.

Маалымат булактарындагы кабарларда инспектор аял жетекчилигинен сөгүш алганы, андан улам өз өмүрүнө кол салганы болжолдонгон.

Ссылка: https://barometr.kg/sgsh-algan-chinovnik-z-zhanyn-kyjdy



Добавить комментарий