Сентябрь айында кошумча эс алуу күндѳрү болбойт
Бөлүшүү:
Үстүбүздѳгү жылдын сентябрь айында Кыргызстанда кошумча эс алуу күндөр болбойт. Мындай чечимди өкмөт 2018-жылдын декабрь айында кабыл алган.
31-август - Кыргызстандын эгемендүүлүк майрамы (календарда кызыл болуп белгиленген) ишембиге туш келгендиктен 2-сентябрь, дүйшөмбү, эс алуу күн болушу керек эле. Бирок дем алыш күндөрдү туура колдонуу үчүн аны 4-январга жылдырышкан. Башкача айтканда, 2019-жылдын январь айында кыргызстандыктар 1-январдан 7-январга чейин эс алышкан.
Мыйзамга ылайык, эгер майрам ишемби же жекшемби күнгө туш келип калса, кийинки иш күн дем алыш болот.
Ссылка: https://barometr.kg/sentyabr-ajynda-koshumcha-es-aluu-kndr-bolbojt
Добавить комментарий ×