Сейитбек Атамбаев Башкы прокуратураны сотко берди

14 ноябрь 2019 14:28 1231 Жайнагул Такенова
Бөлүшүү:
ok

Сейитбек Атамбаев Башкы прокуратураны сотко берди. Бул тууралуу КСДП партиясынын мүчөсү Темирлан Султанбеков «Фейсбук» баракчасына доо-арызга Башкы прокуратуранын 1-ноябрдагы  пресс-релизи себеп болгонун жазган.  

«Автомаш-Энерго» ЖЧКнын директору көзөмөл органынан эмне талап кылганы азырынча белгисиз.

Эске салсак, Башкы прокуратура мурунку президентке карата козголгон кылмыш иштеринин алкагында Алмазбек Атамбаевдин жана анын жакындарынын мүлкүн, активдерин жана мекемелерин текшерилет деп билдирген. Көзөмөл органынын маалыматына ылайык, 2015-жылдан бери «Автомаш-Энерго» ЖЧКда бир дагы жолу салыктык текшерүү жүргүзүлгөн эмес. Мындан тышкары фирманын жетекчилиги салык органдарына керектүү документтерди көргөзүүдөн баш тартып келет.

Кошумчалай кетсек, 31-октябрда «Автомаш-Энерго» ишканасынын башкы кеңсесинде тинтүү жүргүзүлгөн.

Ссылка: https://barometr.kg/sejitbek-atambaev-bashky-prokuraturany-sotko-berdi



Добавить комментарий