Садыр Жапаровго уулуна топурак салууга уруксат берилди

27 август 2019 11:43 1856 Жайнагул Такенова
Бөлүшүү:
ok

Дастан Садыр уулунун сөөгү 28-августта Ысык-Көлдө жерге берилет. Абактагы Садыр Жапаров уулу Дастанга топурак салуу үчүн чыгарылды. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан кабарлашты.

Буга чейин анын жактоочусу Шарабидин Токтосунов Жапаровду убактылуу бошотуу үчүн ЖАМК жетекчилиги менен президентке кайрылган.

Маркумдун сөөгү 28-августта Ысык-Көлдө жерге берилет.

Эске салсак, жол кырсыгы 22-августта түндө саат 22.25тер чамасында 7-Апрель көчөсүндөгү "Фрунзе" гипермаркетинин жанында болуп, Дастан Садыр уулу 26-августта Бишкектеги ооруканада өзүнө келбей үзүлгөн.

Кырсык болгон учурда мотоциклдин артында жүргүнчү кыз да отурганы маалым болгон.

Ссылка: https://barometr.kg/sayasatchy-sadyr-zhaparovdu-uuluna-topurak-saluu-chn-uruksaat-berildi



Добавить комментарий