Мадумаров: "Атамбаевдин Жээнбековду сүйрөп келдим бийликке деген сөзү өтө катуу айтылган сөз"
Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин азыркы президент Сооронбай Жээнбековду сүйрөп келдим бийликке деген сөзү өтө катуу айтылган сөз-деди саясатчы Мадумаров бүгүнкү 21-ноябрдагы маалымат жыйында.
"Азыр ошондой сүйрөлүп келүүчүлөрдүн кесепети тийип жатат. Күрөшүп жалындап, ысык-суукка тонгон адамдар келбей, ошол сүйрөлүп келгендер мамлекетке кесепети тийип жатат. 1991-жылы мына акаевди сүйрөп келишти. ал киши мен парашюттан түшүп калдым, даяр эмес болчумун деди. Кийин Бакиевди алып келишти. Роза Отунбаева "жалаң эркектер бар экен, жалгыз сиз аял экенсиз" деп мени коюшту" деди. Кийин Алмазбек Атамбаев "каражат керек болуп жатат. Каражат сизде бар экен" деп мага токтолушту" деди. Азыркы президент "Мен президент эмес өкмөт башчы болуу тушүмө кирген эмес" деди. Ал эми кичинесинен даярданып, кээде жаңылышкандар, такшалгандарды эмнеге койбой жатабыз. Анткени сүйрөп келе жатабыз да", - деди Мадумаров.
Добавить комментарий ×