Саудиялык журналистти Стамбулдагы Сауд Арабиясынын башкы консулдугунун кеңсесинде өлтүрүп, кескилеп салышканбы?

19 октябрь 2018 10:30 1920 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Саудиялык журналист чын эле өлтүрүлгөн болушу керек-деп билдирди Трамп Мэриленддеги Эндрю авиабазасында журналисттердин суроосуна жооп берип жатып. Эгерде бул ишке чындап эле Саудиялыктардын тиешеси бар болсо, анда Аль-Рияддга оор болуп каларын кошумчалады. 

Учурда дайынсыз жоголуп кеткен Саудиялык журналист Жамал Хашоггинин ишин тергөө иштери жүрүп жатат. Ал эми айрым түрк маалымат каражаттары журналисттин Стамбулдагы Сауд Арабиясынын консулуна кирип кетип кайра чыккан эмес деп жазышты. Журналистти өлтүрүп, колу-бутун, башын кескилеп бөлүктөргө бөлүп салышкан деп дагы айтылууда. Бирок. бул маалыматтын канчалык деңгээлде чындыгы бар азырынча тактала элек. 

Эске салсак, Washington Post басылмасына Сауд Арабиясын сындап жазган макала жарык көргөндөн кийин 2-октябрда журналист дайынсыз жоголуп кеткен. Ал эми 12-октябрда Түркиянын бийлиги элчиликте өлтүрүлгөн деп фактыларды жана аудо, видео запистерди америкалык чиновниктерге берилгендиги тууралуу Washington Post басылмасы жазып чыккан

Ал эми 17-октябрда Сауд Арабиясы журналистти сурак учурунда каршылык көрсөткөндүгү үчүн жазалангандыгын айтып чыгышкан. 

Сауд Арабиянын Стамбулдагы консулу Мухаммад ал-Отаиби өзү 16-октябрда Түркиядан учуп кеткендиги белгилүү болду. 

Ссылка: https://barometr.kg/saudiyalyk-zhurnalistti-stambuldagy-saud-arabiyasynyn-bashky-konsuldugunun-kesesinde-ltrp-keskilep-salyshkanby



Добавить комментарий