Сауд Арабияда бүгүн аялдарга автоунаа айдоого укук берген мыйзам жарлыгы күчүнө кирди

25 июнь 2018 05:00 1507 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Сауд Арабияда бүгүн аялдарга автоунаа айдоого укук берген мыйзам жарлыгы күчүнө кирди. Бул тууралуу aljazera сайты  маалымдады. Жарлыкка былтыр сентябрда падыша Салман бин Абдул-Азиз кол койгон.

Быйыл жыл башынан тарта аялдарга автоунаа айдоону үйрөткөн инструкторлор иштей баштаган. Май айында болсо Сауд Арабиянын Транспорт министрлиги аялдарга айдоочулук күбөлүк берүүгө бардык даярдыктар аягына чыгып калганын жарялады. 

"Чындыгында Сауд араб өлкөсүнүн аялдары үчүн абдан жакшы кадам жасалды. Бирок, унаа башкарууда өлкөнүн айрым аялдарында дагы деле кыйынчылыктар бар"- деп баамдайт жакынкы Чыгыш өлкөлөрундөгү тең укуктуулук боюнча бейөкмөт уюмдардын кеңешчиси Суад Абу Дайи. Анын айтымында, айдоочулук күбөлүккө ээ болуш үчүн аялдар эркектерге караганда 6 эсе көп акча төлөйт. Бул нерсе айрым аялдар үчүн кыска убакыттын ичинде айдоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга тоскоолдуктарды жаратат, буга кошумча Сауд Арабиясындагы күбөлүк алууга чектелген автомектептердин аздыгы дагы себеп болот. 

Ал эми Саудиянын ханышасы Рима ал-Валид да бүгүн рулга отурганын анын атасы ханзаада Ал-Валид жазды. 

Сауд Арабиясы дүйнөдө аялдарга автоунаа башкарууга тыюу салган жалгыз өлкө болчу.

Бул өлкөдө ханзаада Мухаммед бин Салмандын демилгеси менен бир нече айдан бери реформалар жүзөгө ашып жатат.


aljazeera.com кызматынан кыргызчалаган barometr.kg


Ссылка: https://barometr.kg/saud-arabiyada-bgn-ayaldarga-avtounaa-ajdoogo-ukuk-bergen-myjzam-zharlygy-kchn-kirdi



Добавить комментарий