Сасык тумоодон кантип сактанса болот?

13 ноябрь 2020 10:25 1836 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Лабораториялык изилдөөлөргө ылайык, Кыргызстанда сасык тумоонун жогорку чеги декабрь жана январь айларынын аягында болот. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет. 

«Грипп суук мезгилде башталат. Себеби, сасык тумоонун вирусу аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнө туруштук берет. Мындан тышкары, адамдын вирустук оорулардан коргонуу жөндөмү суук мезгилде начарлайт. Эгерде класстагы же балдардын тобундагы бир окуучу ооруп калса, ал бир нече балага жугушу мүмкүн ( 5 жаштан н 25ке чейин жана андан жогору), бул оорунун кескин өсүшүнө алып келиши мүмкүн”, - деп билдиришти департаменттен.

Адистер сасык тумоого каршы профилактикалык эмдөө мамлекеттик уюмдардан тышкары, бардык региондордогу жеке медициналык борборлордо жүргүзүлүп жатканын кошумчалашты. 

Сасык тумоодон кантип сактанса болот:

  • бейтаптарга көбүрөөк жатуу, сүт-жашылча диетасы жана көп суюктук ичүү сунушталат.
  • илдетти жуктуруп алган учурда бет кап кийип жүрүү, коомдук жайларга барбоо сунушталат;
  • сасык тумоого каршы эмдөөдөн өтүүгө үлгүрбөгөндөр организмдин табигый коргонуу күчү болгон иммунитетти көтөрүүсү керек: жашылчаларды, мөмөлөрдү, ит мурундан, кара - карагаттан жана башка витаминдүү тундурмалардан көп колдонуусу кажет;
  • жеке гигиена сакталууга тийиш;
  • ар бир сейилдөөдөн келгенден кийин колуңузду самындап жууңуз;
  • жөтөлгөндө же чүчкүргөндө оозуңузду жана мурунуңузду салфетка же бет аарчы менен жабыңыз;
  • дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу менен нымдуу тазалоо иштерин жүргүзүп туруу зарыл. 

Ссылка: https://barometr.kg/sasyk-tumoodon-kantip-saktansa-bolot



Добавить комментарий