Салык кызматы сентябрда 9,7 млрд сом салык жыйнады

13 октябрь 2021 15:37 1778 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Сентябрь айында Мамлекеттик салык кызматы 9 млрд 717,1 млн сомдук салык жана төлөмдөрдү жыйнады. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы кабарлаганын “Барометр” билдирет.

МСК берген маалыматка таянсак, план 100,6 пайызга аткарылган, анткени прогноз 9 млрд 663 млн сом болгон эле.

Өткөн жылдын сентябрь айына салыштырганда салыктар менен төлөмдөрдүн түшүүсү 2 млрд 652.7 млн сомго жогорулаган. Өсүү темпи 137,6 пайыз болгон.

Жалпысынан жыл башынан бери 75 млрд 848,8 млн сомдук салыктар жана төлөмдөр чогултулган.План 3 млрд 39,4 млн сомго ашыгы менен аткарылган.

Ссылка: https://barometr.kg/salyk-kyzmaty-sentyabrda-97-mlrd-som-salyk-zhyjnady



Добавить комментарий