Салык кызматы акциздик маркалар боюнча сынак жарыялайт

24 сентябрь 2020 13:01 716 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 Мамлекеттик салык кызматы алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки буюмдарына акциздик маркаларды даярдоо жана Кыргызстанга жана анын чегинен сыртка жеткирүү боюнча кызматты сатып алууга конкурс жарыялайт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын маалымат бөлүмүнө таянып "Барометр" билдирет.

Конкурс мамлекеттик электрондук сатып алуулардын бир этаптуу эки пакеттүү ыкмасы менен өткөрүлөт. 

Конкурска катышууга карата табыштамалар 2020-жылдын 15-октябрында саат 15.00гө чейин мамлекеттик сатып алуулар порталында кабыл алынат.

Кошумча маалыматты мамлекеттик сатып алуулар www.zakupki.gov.kg сайтынан жана Бишкек ш., Чүй проспекти, 219, № 73 каб., тел.: (0312) 61-46-57; 61-18-12 аркылуу алууга болот.  

Мамлекеттик салык кызматынын 2020-жылдын 15-сентябрындагы буйругу менен акциздик маркаларды даярдоо жана жеткирүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн. Анын курамында 15 адам, анын ичинде Салык кызматынын, Бажы кызматынын, Экономика министрлигинин, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын, “Инфо-система” мамлекеттик мекемесинин, ошондой эле бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү кирди.

Конкурстук комиссиянын негизги милдеттери болуп конкурстун катышуучуларына карата техникалык жана квалификациялык талаптар менен конкурстук документтерди иштеп чыгуу, катышуучу компанияларды кеңири тартуу, акциздик маркаларды компоненттүү жана ишенимдүү өнөктөш-даярдоочуну тандоо үчүн конкурстук тапшырмаларды объективдүү жана ачык-айкын баалоо саналат. 

Эскерте кетсек, алкоголдук жана тамеки буюмдарына акциздик маркаларды даярдоого жана кыргызстанга жана анын чегинен сыртка жеткирүүгө литвалык «Garsu pasaulis» компаниясы менен түзүлгөн келишимдин мөөнөтү 2021-жылдын февралында бүтөт.

Ссылка: https://barometr.kg/salyk-kyzmaty-akcizdik-markalar-boyuncha-synak-zharyyalajt



Добавить комментарий