Салык кызматы 1,7 млрд сомдук патенттерди берди

16 сентябрь 2021 11:02 1473 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстанда 2021-жылдын 8 айында 1 млрд 752 млн сомдук 698 миң 570 патент жана 579 млн 565 миң сомго 612 камсыздандыруучу полис берилген. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.

Анын ичинде онлайн режимде 1 млрд 64 млн сомго 453 миң 342 патент, 346 млн 490 миң сомго 369 миң 055 камсыздандыруу полиси берилди.  

Салык кызматы 2018-жылдын 1-октябрнан тартып Кыргызстандын баардык аймагында электрондук патенттерди берүүнү баштаган.

 

Ссылка: https://barometr.kg/salyk-kyzmaty-17-mlrd-somduk-patentterdi-berdi



Добавить комментарий