Саламаттыкты сактоо министри коронавирус менен ооруп уу коргошун ичип жатат

25 июнь 2021 10:09 3007 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев COVID-19 менен ооруп калды. Бул тууралуу министр өзү билдирди.

Анын айтымында, ПЦР-тесттин жыйынтыгы оң чыгып калган.

“Мен үч күндөн бери уу коргошун ичип жатам, жеңилдеп калдым. Кечээ жаман болгом. Бүгүн сүйлөп калыптырмын. Аралыктан иштеп жатам” ,- деп айтты аткаминер.

Буга чейин өкмөттүн калкты коронавирус инфекциясына каршы эмдөө боюнча кезексиз жыйынында Саламаттыкты сактоо министрлигинин иши канааттандырарлык эмес деп табылган. Министрге эскертүү берилген.

Ссылка: https://barometr.kg/salamattykty-saktoo-ministri-koronavirus-menen-oorup-uu-korgoshun-ichip-zhatat



Добавить комментарий