Саламат Садыкова: Саясаттагылар эртең эле биригип оокатын кыла берет
Кыргыз Республикасынын эл артистти, Казакстандын эмгек сиңирген артисти Саламат Садыкова кечээ, 7-августта Кой-Ташта болгон окуяга байланыштуу өзүнүн пикирин билдирип, кырыз элин тынчтыкка чакырды.
“Бетеге кетип бел калат, бектер кетет эл калат, кадырлуу калкым сабыр менен, акыйкат көз салып, адилеттүү акыл калчайлы! Саясаттагылар эртең эле биригип оокатын кыла берет турмуш жакшы эле сабак бергендей болду го деймин. Төрт көзүбүз түгөл болсун, элибиз толкубасын, жер силкинбесин, бөөдө келчү жалаа балээлерден алыс бололу. Мекенибиздин тынчтыгы эртеңки балдарыбыздын бактылуу келечеги! Мамлекетибизге жакшылыктарды тилейли, суук тилдерди ойлонбой агытпаңыздар, тил кудайдын мөөрү деген бар, өсөөр эл өзүн сыйлайт экен жакшылыктан үмүт үзбөйлүчү. Эки дөө тирешсе ортодо чымын өлөт болбосун. Тынчылык ырыскы берекени тилейли улуу жараткандан! Башы бирикпеген эл дедиртип дүйнө жүзүнө уят кылып атышат сасыган саясаттын айрым эси жокторуна баары бир окшойт. Бар менен жоктун арасы бир кадам дейт”,-деп калыс сөзүн айтты ырчы айым.
Ссылка: https://barometr.kg/salamat-sadykova-mekenibizdin-tynchtygy-erteki-baldarybyzdyn-baktyluu-kelechegi
Добавить комментарий ×