Катаал аба ырайынан улам Төө-Ашуу, Ала-Бел, Өтмөк жана Кара-Гөө ашуулары жабылды
Транспорт министрлиги жолдордун тоолуу бөлүктөрүндө кар күрткүсүнө байланыштуу унаалардын кыймылына чектөө киргизилгенин жарыялады. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалыматка ылайык, Суусамыр - Талас - Тараз унаа жолундагы Өтмөк ашуусу убактылуу жабылды.
Бишкек-Ош жолунун Чычкан капчыгайындагы бөлүгүнө да чектөө киргизилди. Транспорттун бардык түрлөрү Арал постунда токтойт. Сосновка посту аркылуу Төө-Ашуу ашуусун ашып өтүүгө жүк ташуучу унаалардын кыймылы чектелген.
Учурда, Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында кар калың жаап, Көк-Бел ашуусуна жеңил кар жаап жатат.
Ошондой эле, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун Кара-Гөө ашуусу кар күрткүсүнөн улам убактылуу жабылды.
Жол кызматкерлери карды трассадан тазалоо үчүн бардык чараларды көрүп жатышат.
Жол кайгуул кызматы айдоочулардан тоолуу унаа жолдорунда жүрүүдөн алыс болууну суранат.
Добавить комментарий ×