Сайкал менен Максат Гүлшайыр Садыбакасованы туулган күнү менен кантип куттукташты?

10 декабрь 2018 16:07 6881 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Алып баруучу Максат Довранов Гүлшайыр Садыбакасованы туулган күнү менен куттуктап мындай деп жазган: "Биздин сыймыгыбыз Гүлшайыр апа, бүгүнкү туулган күнүңүз менен куттуктайм! Эл арасында эмгек менен кадыр-баркты таптыңыз. Эми эмгектин үзүрүн көрүп, узак өмүрдө, чын ден соолукта бар болуңуз. Сиздей күчтүү, намыстуу, сыймыктуу адамдын уулу болуп жүрүү мен үчүн сыймык. Эч кайгырбай, күлүп-жайнап, төрүбүздүн көркү болуп жүрө бериңиз. Аллахым сизге күч-кубат, көптөгөн ийгилик берсин".

Мындай куттуктоону аңдып турган эл "Сайкалды эмнеге кошпойт?", "Аны деле куттуктап койбойбу?"-дешип талкууга алышты.

Эске салсак, элибизге белгилүү Кыз-Бурактын жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасова 10-декабрда туулган күнүн белгилеп жатат. 

Кызы Сайкал апасына алтын чынжыр белек кылганын социалдык тармактагы баракчасына чыгарган. 

Ссылка: https://barometr.kg/sajkal-menen-maksat-glshajyr-sadybakasovany-tuulgan-kn-menen-kantip-kuttuktashty



Добавить комментарий