Садыр Жапаров: Депутаттар кезексиз жыйынга коркуп келбей коюшту
“Достук” мейманканасында VI чакырылыштын депутаттары Садыр Жапаровду өлкөнүн премьер-министринин кызмат ордуна дайындоо боюнча чогулшту. Ал жерде Жогорку Кеңештин токтомун кабыл алуу үчүн кол чогулта баштаты.
Учурда чогултулган кол тамгалардын саны белгисиз. Бирок Садыр Жапаров өзү журналисттерге барып, депутаттар коркуп, “Достук” мейманканасына келбей койгонун билдирди.
"Депутаттар кайрадан түшүнүксүз оюндарды ойноп жатышат, алар топторго бөлүнүп кетишти. Мен парламентарийлерге эч кандай күч колдонулбайт деп ишендирем", -деди ал.
Ошондой эле Жапаров бийлик алмашуу мыйзамдуу жол менен жүргүзүлүп, министрликтер менен ведомстволордогу кызмат орундарын мыйзамсыз басып алуу болбой тургандыгын айтты.
"Ар бир уюмдун орун басарлары, статс-катчылары бар жана алар жетекчилерди алмаштырат", - деп кошумчалады ал.
Эскерте кетсек, бүгүн, саат 16: 00дө, парламенттин кезексиз сессиясы пландаштырылган.
Ссылка: https://barometr.kg/sadyr-zhaparov-deputattar-kezeksiz-zhyjynga-korkup-kelbej-koyushtu
Добавить комментарий ×