Чолпон-Атага Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлери келди

20 июль 2022 12:52 1843 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Садыр Жапаров Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлерин кабыл алды. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Маалым болгондой, Садыр Жапаров бүгүн, 20-июлда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлерин кабыл алды. 

"Жолугушууга Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди, Тажикстандын тышкы иштер министри  Сирожиддин Мухриддин, Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норов жана Түрмөнстандын Кыргызстандагы Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Шадурды Мередов катышты.

Эки тараптуу кызматташтыкты жана аймактык өз ара байланыштарды кеңейтүүнүн актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы жакынкы коңшулар Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстан менен өз ара пайдалуу алакаларды тереңдетүү Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.

Садыр Жапаров белгилегендей, эки тараптуу мамилелерден тышкары, өлкөлөр ортосундагы региондун күн тартибинде турган аймактык  өз ара аракеттенүүнү жандандыруу жана кеңейтүү жалпы чөлкөмдүн да, Борбор Азиянын ар бир мамлекетинин да өнүгүүсүнүн негизги фактору болуп саналат.

Региондук интеграция маселелерине токтолгон Мамлекет башчысы кыргыз тарап өз ара соода көлөмүн көбөйтүү, чет элдик түз инвестицияларды тартуу, атаандаштык эмес, кызматташуу, бири-бирин толуктоо маанилүү деп эсептей турганын кошумчалады.

Президент мамлекеттердин улуттук экономикаларын өнүктүрүүгө багытталган соода-экономикалык, энергетикалык, транспорттук жана башка өз ара аракеттенүүсү бүткүл Борбор Азияда туруктуулукту, коопсуздукту, тынчтыкты жана гүлдөп өнүгүүнү камсыз кылуу үчүн бекем негиз болуп саналаарын канааттануу менен белгиледи.

Учурдагы эл аралык кырдаалда Борбор Азия чөлкөмүндөгү интеграциялык процесстер суроо-талапка ээ жана актуалдуу экени белгиленди", -деп айтылат маалыматта.

Жолугушуунун катышуучулары эртеңки Ысык-Көлдө өтүүчү саммит Борбор Азия мамлекеттеринин ортосундагы мамилелерге жаңы дем берерине ишеним билдиришти.

Ссылка: https://barometr.kg/sadyr-zhaparov-borbor-aziya-mamleketterinin-tyshky-ishter-ministrlerin-ysyk-kld-kabyl-aldy



Добавить комментарий