Садыр Жапаров башаламандык учурунда жабыркагандардан кабар алды
Бүгүн, 8-октябрда Садыр Жапаров борбор калаадагы башаламандык учурунда жабыркагандарга барды.
Ал ооруканаларды кыдырып, бейтаптардын абалынан кабар алды.
Митинг башталган 5-октябрдан бүгүнкү күнгө чейин 1002 жаран ооруканага кайрылган. Алардын ичинен 234ү акыркы суткада кайрылгандар.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда 5-октябрда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын тарапкерлери митингке чыгышкан. Мөөнөтсүз митинг баш аламандык менен коштолуп, 6-октябрда митингчилер парламент менен президент олтурган имаратты, УКМКны басып алышкан. Бир топ саясатчылар абактан бошотулган.
Ссылка: https://barometr.kg/sadyr-zhaparov-bashalamandyk-uchurunda-zhabyrkagandardan-kabar-aldy
Добавить комментарий ×