Садыр Жапаров 11-12-мартта Өзбекстанга мамлекеттик иш сапары менен барат
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 11-12-матртта Өзбекстанга мамлекеттик иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Алдыдагы иш сапардын алкагында Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
Мамлекет башчылары эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле мындан аркы өнүгүүнүн жана натыйжалуу өз ара алака түзүүнүн келечегин талкуулашат.
Ошону менен бирге, иш сапардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын Төрайымы Танзила Нарбаева, Олий Мажлистин Мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасы Нурдинжон Исмоилов жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен эки тараптуу жолугушуулары пландаштырылууда.
Мындан тышкары, соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү максатында алдыдагы иш сапардын алкагында кыргыз-өзбек бизнес форумун да өткөрүү пландалууда.
Ссылка: https://barometr.kg/sadyr-zhaparov-11-12-matrtta-zbekstanga-mamlekettik-ish-sapary-menen-barat
Добавить комментарий ×