Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрөт
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-январда Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрөт.
Коопсуздук кеңешинин 2018-2019-жылдары өткөрүлгөн жыйындарында кабыл алынган чечимдеринин ишке ашырылышынын жүрүшү каралат.
Тактап айтканда, Коопсуздук кеңештин 2018-жылдын 8-февралында кабыл алынган "сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарында коррупцияга каршы күрөшүү боюнча олуттуу чаралар жөнүндө", 2018-жылдын 14-декабрындагы «санариптик өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө», 2019-жылдын 30-январындагы «кен казуу чөйрөсүндө коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» чечимдеринин аткарылышы каралат.
Мындан тышкары, стратегиялык объектилердин тизмегине сунуштар каралат.
Талкуунун жыйынтыктары боюнча Коопсуздук кеңешинин чечими кабыл алынат.
Добавить комментарий ×