Руслан Бекназаров: «Азаттык» партиясы мыктылардан куралды
Жогорку Кеңештин депутаттыгына “Азаттык” саясий партиясынан талапкер болуп жаткан Руслан Бекназаров эмне үчүн аталган партияны тандап алганы, өзүнүн шайлоочулардын колдоосуна ээс болуп калса аткара турган иштери тууралуу маек берди. Жогорку Кеңешке шайлоосуна “Азаттык” саясий партиясы шайлоо тизмесинде №10 катар номери менен катышууда. Руслан Бекназаров үчүн партиянын тизмесинде 5-номер менен добуш берсеңиз болот.
-Руслан мырза, шайлоого “Азаттык” партиясынан аттаныпсыз. Эмне үчүн “Азаттык” партиясы менен шайлоого барайын деген чечим кабыл алдыңыз?
-Буга чейин 7 партия биригип, бир блокко биригели деген чечимге келгенбиз. Кимибиздин партиябыз менен баралы деген талкуунун үстүндө отуруп, “Азаттык” партиясы менен шайлоого баралы деп токтолдук. Тагыраагы, аксакалыбыз Исмаил Исаковдун “Азаттык” партиясы менен шайлоого баралы дедик.
-“Азаттык” партиясынын башка партиялардан айырмасы барбы же көп партиянын бириби?
-Башка партиялардан албетте айырмасы бар. Башка партиялардан партиянын курамы менен айырмаланабыз. Айтайын дегеним, биздин партиянын сап башында кадырлуу, абройлуу, сөзү өтүмдүү, өзүнүн басып өткөн жолу менен башкаларга үлгү болгон аксакалдарыбыз турат. Ошондой эле катарыбызда өзүнүн ак кызматы менен эл-журттун урмат-сыйына татыган, кадыр-баркы жогору, кайсыл жерге барбасын иштин майын чыгарган, бардык тармактарда такшалган, өзүн көрсөтө алган орто муундун өкүлдөрү да бар. Иш десе ишке тойбогон, өз көз карашын ачык айткан, курч, сүйлөсө оозунда сөзү бар, билимдүү, жүрөктүү жаштарыбыз да бар. Кыскасы, биз мына ушундай мыктылардан куралып, үч муундун башын бириктирип блок болдук. Буюрса, ушул жагыбыздан бардык партиялардан айырмаланабыз. Башка партияларда дагы мыктылар көп. Бирок, биздин артыкчылык да байкалып турат. Мамлекет бир бүтүм болгондон кийин партияда кадырлуу аксакалы, иш билги адамдары, билектүү, илимдүү духу бар жаштары да болушу керек деп ойлойм.
-Кудай буюруп, шайлоочулардын көпчүлүк добушуна ээ болуп, депутат болуп калсаңыз ишти эмнеден баштайсыз?
-Кудай буюруп депутат болуп калсам, мамлекеттин эл алдындагы беш милдетин аткарууга аракет кылам. Биринчиси, жарандардын укугун коргоо. Мен буга чейин Омбудсмендин аппаратында жарандардын укугун коргоо бөлүмүндө иштегем. Ошол тажрыйбамды пайдаланам.
Экинчиси мамлекеттин ички сырткы коопсуздугун сактоо. Мен бул маселеде Улуттук коопсуздук кызматында иштегем. Ошондуктан, бул маселе мага өөн эмес. Болгон тажрыйбамды пайдаланам.
Үчүнчүсү башка мамлекеттер менен алаканы чыңдоо, бекемдөө. Мен кезинде Тышкы иштер министринин жардамчысы болгом, Японияда дагы иштеп келгем. Ошон үчүн бул маселе да мага тааныш.
Төртүнчүсү, кен байлыктарга, мамлекеттик мүлктөргө туура мамиле жасоо. Бул маселелер да өөн эмес. Анткени, ушул маселелердин алкагында өкмөттүн, президенттин аппаратында эксперттик кызматтарда иштедим. Ошон үчүн бул жагынан да маалыматым жетиштүү. Мамлекеттин эл алдындагы бешинчи милдети элдин чарбасын уюштуруу, элдин көйгөйүн, социалдык маселелерин чечүү. Бул жагынан Аксы районунда Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болгом. Элдин арасында кандай көйгөйлөр бар экенин, кандай маселелер бардыгын, чарбасын кантип уюштуруу керек экенин жакшы билем.
Кыскасы, беш тармак боюнча стажым, тажрыйбам жетиштүү. Мен мисалга алган тармактарда кандай кемчиликтер бар, мамлекет эл алдындагы кызматын жакшы өтөө үчүн кандай мыйзамдар жетишсиз болуп жатат. Кандай мыйзамдарды кабыл алыш керек. Кайсыл мыйзамдарга өзгөртүү киргизиш керек экенин жакшы билем. Жогорку Кеңештин иши мыйзам жазуу болгондуктан, ишти туура иштей турган, элдин көйгөйүн чече турган мыйзамдарды иштеп чыгып, сунуштап, анын аткарылуусун көзөмөлдөө жагын колго алам деген максатта депутаттыкка ат салышып жатам. Урматтуу шайлоочулар мага добуш берем десеңиздер бюллетенде
Даярдалды: Barometr.kg. 1 нуска, 25.11.2021-жыл, “Азаттык” демократиялык партиясы” саясий партиясы тапшырык берген.
“Азаттык” демократиялык партиясы” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражатынан партиянын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Токтосунова Гүлира Базаровна тарабынан төлөндү.
(03.09.2021-жылдагы №34 каттоо күбөлүгү)
Добавить комментарий ×