Өрттө иске балдары ууланган Таштанбековдордун үй-бүлөсүнө Өкмөт 100 миң сом бөлдү

15 февраль 2019 11:38 1183 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Өрттө иске балдары ууланган Таштанбековдордун үй-бүлөсүнө Өкмөт 100 миң сом бөлдү. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев өрттүн натыйжасында истүү газдан балдары ууланган Таштанбековдордун үй-бүлөсүнө 100 миң сом өлчөмүндө материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө буйрукка кол койду.

Бишкектин «Келечек» конушундагы бул үй-бүлө жашаган үй толугу менен өрттөнүп кеткен. 12-февралда, Бишкек шаарындагы Балдардын медициналык тез жардам көрсөтүүчү клиникалык ооруканасынын реанимациялык бөлүмүндө жаткан (№3-балдар ооруканасы) Таштанбековдордун үч баласынан Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова кабар алып келген. Бүгүнкү күнү балдардын абалы туруктуу оор деп бааланууда. №3-балдар ооруканасынын медициналык кызматкерлери аларга күнү-түнү медициналык кам көрүп жатышат.

Ссылка: https://barometr.kg/rtt-iske-baldary-uulangan-tashtanbekovdordun-j-blsn-kmt-100-mi-som-bld



Добавить комментарий