Роза Шакирова тойдо жар жар айтып жатканда үнү чыкпай калды

14 январь 2019 13:28 8871 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Ырчы Роза Шакирова өзүнүн инстаграм баракчасына тойдо жар жар айткан видеосун жүктөдү. Ырчы ырдап жатканда үнү тунук чыкпай калганын байкоого болот. Буга түшүндүрмө кылып Шакирова:

"Дайыма эле үнүң жакшы чыга бербейт, ошондой болсо да музыкант жигитке чооң рахмат. Талас шаарына тойго барып эки жашты жар жар ыры менен алып кирдим. Эки жаш бактылуу болсун. Элибизде тойлор боло берсин. Элибиз бай болсун. Элде болсо бизде болот. Той башталгандан бүткөнгө чейин кызмат кылдым. Той ээлерине ыраазымын." -деп баяндама жазды.

Ырчынын күйөрмандары бул жагдайды түшүнүү менен кабыл алып ар тараптуу жакшы пикирлерин жазып калтырышты.

Ссылка: https://barometr.kg/roza-shakirova-tojdo-zhar-zhar-ajtyp-zhatkanda-n-ykpaj-kaldy



Добавить комментарий